# 10-берене. Администрациялык органдардын чечимдерди кабыл алуусу

- Документ: [Администрациялык жол-жоболор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1401)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 1-мартындагы № 16 "Администрациялык жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2015 года № 210 "Об основах административной деятельности и административных процедурах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111254)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1338/edition/769497/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1401/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Администрациялык жол-жоболор жөнүндө, 10-берене (31.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-10

---

1. Администрациялык органдар администрациялык иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырганда администрациялык актыларды чыгаруу жолу менен чечимдерди кабыл алат.

2. Администрациялык акт жекелик түрдө колдонулуучу актыларга кирет, белгиленген формадагы жазуу жүзүндөгү расмий документ болуп саналат жана төмөндөгүлөргө эсептелген:

- бир жолку колдонууга;

- жекелик түрдө же белгилүү адамдардын чөйрөсүнө колдонууга;

- жеке адамдын же белгилүү адамдардын чөйрөсүнүн укуктарын жана милдеттерин белгилөөгө, өзгөртүүгө, токтотууга же токтото турууга.

3. Администрациялык актылар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына кирбейт жана ченемдик укуктук актылардын тутумуна тиешеси жок.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1401/st-11)
