1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 31.07.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2015 года № 210.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июля 2013 года № 178
1. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
администрациялык жол-жоболор - ал администрациялык иштерди кароо жана чечүү негиздерин, шарттарын, ырааттуулугун жана тартибин аныктоочу белгиленген регламенттик ченемдер, өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- администрациялык иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча администрациялык органдардын чечимдерди кабыл алуу жана аткаруу тартибин;
- администрациялык органдардын ишин уюштуруу тартибин;
- жарандардын, жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын укуктары менен кызыкчылыктарын ишке ашыруу же коргоо боюнча кайрылууларын администрациялык кароо тартибин;
администрациялык орган - ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу чөйрөлөрдө администрациялык иштерди туруктуу же убактылуу кароо жана чечүү укугу берилген мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, ошондой эле ыйгарым укуктуу же атайын түзүлгөн орган; кызмат адамы - администрациялык органдын атынан жеке өзү администрациялык иштерди кароого жана чечүүгө укугу бар жаран; таламдаш жактар - ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелерде белгилүү ыйгарым укуктарды алуу, ырастоо, каттоо же сактап калуу максатында катышуучу жарандар, жеке ишкерлер же юридикалык жактар; таламдаш жактын кайрылуусу - ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелерде катышуучу жарандын, жеке ишкердин, юридикалык жактын арызы же даттануусу; жыйналыштын катышуучулары - администрациялык иштин туура каралышына жана чечилишине көмөк берүүчү таламдаш жактар, администрациялык органдын өкүлдөрү, ошондой эле эксперттер, күбөлөр, котормочулар жана дагы башка адамдар; администрациялык иш - таламдаш жактардын ыйгарым укуктарын берүү, ырастоо, каттоо же токтото туруу (токтотуу) боюнча чечимдерди даярдоо, кароо жана кабыл алуу жол-жобосун белгилеген документтердин жана материалдардын жыйындысы; администрациялык жыйналыш - коллегиалдуу орган же кызмат адамы тарабынан администрациялык ишти кароонун жана чечүүнүн алкагында жүргүзүлгөн жол-жобо формасы.
2. Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийликти уюштуруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын жарандык, жарандык процесстик, салык жана башка мыйзамдардын тармагынын башка институттары, түшүнүктөрү жана терминдери кандай колдонулса, алар ушул Мыйзамда да дал ошондой мазмунда колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1401/st-1" title="1-берене - Администрациялык жол-жоболор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>