Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жалал-Абад шаардык кеңешинин «Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине бала бакчаны кабыл алуу жөнүндө» токтому
ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ VIII чакырылыш кезексиз XXVI сессия 2020-жылдын 18-июну № 7 Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине бала бакчаны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 16.06.2020-жылдагы чыг.№05-03/2093 сандуу катынын негизинде жана Жалал-Абад шаарынын биринчи вице мэри М.Адылбековдун сунушун эске алып, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XXIV-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы Курорт-Булагы 35 дарегинде жайгашкан №27 “Шүдүрүм” мектепке чейинки балдар бакчасынын имараты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунан Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга уруксат берилсин.
2. Мүлктөрдү кабыл алууда тийиштүү иш кагаздарды даярдап жана мыйзам талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэрине (М.Тагаев), муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Б.Джусупбеков) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жоопту катчысына (Н.Орозбаев) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага
А.Жоробаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 165 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жайгашкан бала бакчанын имаратын жанындагы жер участогу…Постановление · 25.03.2022 · № 165