# 99-берене. Банкка катышы барлардын чектелген жоопкерчилиги

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-99>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-99.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 99-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-99

---

1. Чектелген жоопкерчиликтүүлүк дегенде банктын акционерлерине (катышы барларга) карата колдонулуучу принцип түшүнүлөт, ага ылайык банкка катышы барлар банктын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт жана өздөрүнүн акцияларынын наркынын чегинде банк ишине байланыштуу чыгымдардын тобокелдигин тартышат.

2. Акциянын наркын толук төлөп беришпеген банктын акционерлери (катышы барлар) банктын милдеттенмелери боюнча катышы барлардын ар биринин акцияларынын төлөнбөй калган бөлүгүнүн наркынын чегинде биргелешкен жоопкерчилик тартышат.

3. Чектелген жоопкерчилик принциптеринен алып караганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде Мыйзамдын ушул бөлүгүндө келтирилгендер буга кирбейт.

4. Банкроттук процессинде турган банк өзүнүн карыздары жана милдеттенмелери боюнча өзүнүн бардык активдери менен толук жоопкерчилик тартат жана чектелген жоопкерчилик тартышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-98)  
Кийинки берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-100)
