# 97-берене. Активдердин укукка жатпаган негизде өткөрүп берилиши

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-97.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 97-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-97

---

1. Эгерде, банктын башкаруу органы жана анын мүчөлөрү банктын финансылык кыйынчылыктарды башынан кечирип жатканын билип туруп, өткөрүп берилген мүлк үчүн акчалай же буюм түрүндө толук төлөттүрүп албастан банктын мүлкүн үчүнчү жактарга өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алышса же чечимдин кабыл алынышы үчүн добуш беришсе жана ушундан улам банктын кредиторлору бул активдерден айрылып калса, анда алар мындай өткөрүп берүүдөн улам кредиторлор тарткан зыяндар үчүн толук жоопкерчилик тартышат.

2. Банктын мүлкүн укукка жатпаган негизде өткөрүп бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин мүлктү укукка жатпаган негизде өткөрүп берген бөлүгүнүн ченемдери да колдонулат.

---

Мурунку берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-96)  
Кийинки берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-98)
