# 96-берене. Банктар үчүн белгиленген кызматтык милдеттерди же экономикалык ченемдерди бузуу

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-96>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-96.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 96-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-96

---

1. Ушул берене төмөндөгү адамдарга карата колдонулат:

1) банктагы жетекчи кызматтарга белгиленген тартипте дайындалган адамдарга (банктын жетекчилерине жана директорлор кеңешинин, банк башкармасынын мүчөлөрүнө, орун басарларын кошо алганда банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жектекчилерине жана жетекчинин милдеттерин убактылуу аткарып жатышкандарга);

2) ушул пункттун 1-пунктчасында айтылган адамдар үчүн милдеттүү болгон буйруктарды берүү жолу менен юридикалык жакты контролдоого укук берген акцияларга ээ болушкан банкка катышы барларга.

2. Ушул берененин 1-пунктунда айтылган адамдар төмөндөгүдөй учурларда ушул Мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартышат, эгерде алар:

1) ушул глава менен аларга жүктөлгөн ар кандай милдеттерди атайылап аткарбай койгон болсо; же

2) банк иши жөнүндө мыйзамдарында банктар үчүн белгиленген кайсы болбосун милдеттердин же экономикалык ченемдердин банк тарабынан сакталбашына же бузулушуна атайылап алып келинсе, же болбосо мына ушундай мыйзам бузуулар же алардын сакталбай жаткандыгы жөнүндө билип туруп ошол кемчиликтерди четтетүү боюнча мүмкүн болуучу чараларды көрбөсө, анан калса бул кетирилген кемчиликтер аманатчылар же башка кредиторлор үчүн чыгым тартуунун себептеринин бири болуп саналса.

3. Эгерде адам ага маалым болгон мыйзам бузуулар же анын талаптарынын сакталбагандыгы тууралу көзөмөл органдарына жана банкты башкаруу органдарына токтоосуз билдирсе, ошондой эле жогоруда белгиленген кемчиликтерди четтетүү же оңдоо үчүн колдо болгон чараларды колдонсо, анын ичинде бул кемчиликтер тууралу Улуттук банкка билдирүү менен тиешелүү чаралардын көрүлүшү үчүн өзүнүн оюн айтса, ушул берененин 2-пункту боюнча жоопкерчилик тартпайт.

---

Мурунку берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-95)  
Кийинки берене: [97-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-97)
