96-берене. Банктар үчүн белгиленген кызматтык милдеттерди же экономикалык ченемдерди бузуу
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Ушул берене төмөндөгү адамдарга карата колдонулат:
1) банктагы жетекчи кызматтарга белгиленген тартипте дайындалган адамдарга (банктын жетекчилерине жана директорлор кеңешинин, банк башкармасынын мүчөлөрүнө, орун басарларын кошо алганда банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жектекчилерине жана жетекчинин милдеттерин убактылуу аткарып жатышкандарга);
2) ушул пункттун 1-пунктчасында айтылган адамдар үчүн милдеттүү болгон буйруктарды берүү жолу менен юридикалык жакты контролдоого укук берген акцияларга ээ болушкан банкка катышы барларга.
2. Ушул берененин 1-пунктунда айтылган адамдар төмөндөгүдөй учурларда ушул Мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартышат, эгерде алар:
1) ушул глава менен аларга жүктөлгөн ар кандай милдеттерди атайылап аткарбай койгон болсо; же
2) банк иши жөнүндө мыйзамдарында банктар үчүн белгиленген кайсы болбосун милдеттердин же экономикалык ченемдердин банк тарабынан сакталбашына же бузулушуна атайылап алып келинсе, же болбосо мына ушундай мыйзам бузуулар же алардын сакталбай жаткандыгы жөнүндө билип туруп ошол кемчиликтерди четтетүү боюнча мүмкүн болуучу чараларды көрбөсө, анан калса бул кетирилген кемчиликтер аманатчылар же башка кредиторлор үчүн чыгым тартуунун себептеринин бири болуп саналса.
3. Эгерде адам ага маалым болгон мыйзам бузуулар же анын талаптарынын сакталбагандыгы тууралу көзөмөл органдарына жана банкты башкаруу органдарына токтоосуз билдирсе, ошондой эле жогоруда белгиленген кемчиликтерди четтетүү же оңдоо үчүн колдо болгон чараларды колдонсо, анын ичинде бул кемчиликтер тууралу Улуттук банкка билдирүү менен тиешелүү чаралардын көрүлүшү үчүн өзүнүн оюн айтса, ушул берененин 2-пункту боюнча жоопкерчилик тартпайт.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
96-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-96" title="96-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>