# 95-берене. Активдерди укукка жатпаган негизде тескөө же милдеттенмелердин көбөйүшү

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 95-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-95

---

1. Банк финансылык кыйынчылыктарга учураган же финансылык кыйынчылыктарды башынан кечирип жатат деп эсептелген учурдан тартып, бул финансылык кыйынчылыктар белгилүү болгон банкка катышы бар адам (банктын акцияларынын бир жана андан көп ээ болгон) банктын уставдык капиталына салынган өз салымын же банктын мүлкүндөгү өз үлүшүн акчалай түрүндө же натуралай кайтарып берилишин талап кылууга, банктан карыз алууга жана/же дивиденддерди кошо алганда, ошол салымын (үлүшүн) башкача жол менен алууга укугу жок, ал эми банктын кандай гана жетекчиси болбосун мындай катышы бар адамга аталган зайымды же каражатты берүүдөн баш тартууга милдеттүү. Ушул пункттун талабын бузуу менен кайра алынган каражаттар, мыйзам актыларына ылайык жопкерчиликке тартуу менен кайрадан өндүрүп алынууга тийиш.

2. Финансылык кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан банктын активдерин сактап туруу максатында аманатчыларды кошо алганда, анын кредиторлоруна төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашыруусуна тыюу салынат:

1) мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, кайсы жак же мамлекеттик орган болбосун, кредиторлорду же мамлекеттик гана Органдардын кызматкерлерин кошо алганда, банк финансылык кыйынчылыктарды башынан кечирип жатканы же ошондой деп эсептелиши аларга маалым болгон учурдан тартып - банктын эсептерине контроль жүргүзүүнү кошо алганда, банктын мүлкүн тартып алууга, арест салууга, алып коюуга же ээлик кылууга; жана

2) банкка катышы барларга же жетекчилерге - банктын активдерин тескөөгө же банктын милдеттенмелерин өз эрки менен аткарууга (өзүнө алууга) же кайсы болбосун жакка жаңы кредиттерди берүүгө, же жаңы милдеттенмелерди алууга (башка жактардын милдеттенмелери боюнча кепилдиктерди берүүнү, ошондой эле аккредитивдерди жана башка милдеттенмелерди берүүлөрдү кошо алганда).

Активдерди тескөөгө тыюу салуу банк менен байланышы бар адам алган, төлөө мөөнөтү келип жеткен ар кандай карыздын мөөнөтүн узартууга же мындай жактардан төлөөлөрдү бөлүп-бөлүп кабыл алууга же болбосо алардын банктын алдындагы кепилдиктерин жана/же милдеттенмелерин төлөөгө макулдук берүүгө тыюу салууларды камтыйт.

3. Ушул берененин 2-пунктундагы учурларда төмөнкү жагдайлар эске алынбайт:

1) эгерде активдерди тескөө же миддеттенмелерди төлөө атайын администратор же Улуттук банк тарабынан же алардын макулдугу менен жүргүзүлсө (тиешелүү бардык маалыматтарды ачык көрсөтүү менен); же

2) атайын администратор дайындалганга чейин төлөнгөн милдеттенме банк менен байланышы болбогон аманатчыга депозиттерди төлөө боюнча милдеттенме болуп саналса.

4. Эгерде Улуттук банк же атайын администратор тарабынан тыюу салынбаган болсо, банк ушул берененин 3-пунктунда айтылгандарды уруксатсыз, финансылык кыйынчылыктарды башынан кечирип жатканына карабастан, төмөнкү төлөөлөрдү жүзөгө ашырууга укуктуу:

1) штаттык ырааттамада белгиленген өлчөмгө ылайык, кызматкерлерге ай сайын эмгек акыларын берүүгө (бир эле учурда банкка катышы бар адам болуп саналган кызматкерлерден башкаларга);

2) банктын өндүрүштүк ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон утурумдук чыгымдоолорго (газга, телефон байланышына, коммуналдык кызматтарга, электр энергиясына).

Ушул пунктту аткаруу үчүн керек болгон эрежелер Улуттук банк тарабынан кабыл алынган жоюу боюнча мыйзамга караштуу башка ченемдик актыларда белгилениши мүмкүн.

5. Ушул берененин жоболору төмөндөгүлөргө жайылтылбайт:

1) күрөө менен камсыз болгон кредитордун, эгерде күрөө юридикалык күчкө ээ болсо жана ушул берененин 1-пунктунда айтылган учурлардын бири келип жеткенге чейин таризделген болсо, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин талаптарын эске алуу менен күрөөнүн жүйөсүнөн өндүрүүнү жүргүзүү укугуна;

2) мүлктүн ээсинин өз мүлкүн банк менен макулдашып өзүнө кайтарып алуу укугуна (же ал аркылуу мүлктүн ээси ошол мүлктү ээликке же пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин негизинде банкка өткөрүүгө укук берген башка жактардын ушундай эле укуктарына). Келишимде каралган жагдайлар келип чыккан учурда ошол мүлккө укугу болгон банкка катышы бар адам же дагы башка адам банктан ал мүлктүн кайтарып берилишин талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-94)  
Кийинки берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-96)
