# 94-берене. Банкты жалган жана атайылап банкроттоо

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-94.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 94-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-94

---

1. Банк кредиторлордун талаптарын толук көлөмдө канааттандырууга мүмкүнчүлүгү болсо да, кредиторлорду алдоо максатында же кредиторлор алууга тийиш болгон төлөмдөрдү берүү мөөнөтүн узартуу же бөлүп-бөлүп төлөө үчүн, же карыздарды жеңилдетүү үчүн, ошондой эле карыздарды төлөөдөн бошотуу үчүн өз лицензиясынын кайтарылып алынышын жана жоюуну баштоо жөнүндө өтүнүч менен кайрылган учурда жалган банкроттоо келип чыгат.

2. Эгерде Улуттук банк тарабынан банктын лицензияларын кайтарып алынышына же банктын жоюлушуна алып келген жагдайлар банк финансылык кыйынчылыкты башынан кечирип жаткан учурда анын катышуучуларынын же жетекчилеринин көргөн аракеттеринен же аракеттерди көрбөй коюусунан улам келип чыкса, же алар өз кызыкчылыктарында же болбосо башка жактардын кызыкчылыгында банктын төлөө жөндөмсүздүгүн атайылап түзгөн же аны күчөткөн учурда, атап айтканда:

1) активдер алгылыктуу рынок наркын албай туруп банктан которулган;

2) банк банк менен байланышы бар адамдарга башка карыз алуучуларга караганда бир кыйла алгылыктуу шарттарда займдарды берген учурларда (банк менен байланышы бар адамдар өз займдарын кайтарбай койгон учурларда);

3) банк банк менен байланышы бар адам менен же анын өтүнүчү боюнча башка бүтүмдөрдү жасайт, анын өзү банкты чыгымдарга алып келет;

4) банкка катышы бар адам же жетекчи банкты төлөөгө жөндөмсүздүк абалына алып келүү же аны күчөтүү максатында атайылап аракет жасаган же аракеттенбей койгон башка учурларда, же болбосо өз кызыкчылыктарында же дагы башка жактардын кызыкчылыгы үчүн банкка финансылык зыян келтирген учурларда атайлап банкроттук абалы келип чыгат.

3. Бул Мыйзамдын ушул беренесине жана 99-беренесине ылайык жоопкерчилик, эгерде банкка зыян келтирген аракеттер же аракеттенбей коюулар аракеттенген же аракеттенбей койгон адамдын жеке кызыкчылыктарынан улам келип чыкса да, алып салынбайт.

---

Мурунку берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-93)  
Кийинки берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-95)
