93-берене. Банкроттук процесстин учурундагы укукка жатпаган аракеттерге тыюу салуу
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Банкты жоюу процесси башталаар алдында же андан кийин банктын финансылык кыйынчылыктарын билген банкка катышы бар адамга, банктын жетекчисине, кызматкерине, атайын администраторуна же мамлекеттик органдарды, мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүн кошо алганда ар кандай башка адамга төмөндөгү аракеттерди жүзөгө ашырууга тыюу салынат:
1) банктын мүлкүн мыйзамсыз жашырууга, арест коюуга, тартып алууга, ээлеп алууга, алып коюуга, өткөрүп берүүгө же банктын карыздарын жашырып коюуга;
2) жазууларды жашырууга, жок кылууга, бурмалоого же банкка тиешелүү болгон бухгалтердик документтерге жана башка документацияларга бурмаланган жазууларды жазууга;
3) банк менен байланышы бар адамга ар кандай кредиттерди берүүгө;
4) банк менен байланышы бар адамдын ар кандай займын же милдеттенмелерин кечүүгө;
5) банк менен байланышы бар адамдын ар кандай займынын келип калган кайтарып берүү мөөнөтүн узартууга (негизги суммага жана пайыздарга карата);
6) банк менен байланышы бар адамдын же болбосо банкка байланышы бар карызкорго карата банктын карызын жоюунун булагы катары кызмат кылышы мүмкүн болгон үчүнчү жактын банктын алдындагы ар кандай шарттуу милдеттенмелери боюнча (кепилдиктер же ушуга окшош башка милдеттенмелер) каражаттарды өндүрүп албоого;
7) банктын ар кандай мүлкүн рыноктук баадан төмөн баада сатууга же күрөөгө коюуга;
8) жоюу процессинде (жоюучудан башка) тигил же бул аракеттерди ишке ашыргандыгы же ишке ашырбагандыгы үчүн акча каражаттарын, активдерди, сыйакыларды, компенсацияларды, сыйлыктарды, пайда же убадаларды берүү, сунуш кылуу, алуу же алууга аракет кылууга;
9) банктын мүлкүн же ал тууралу башка маалыматтарды табуу же банктын мүлкүн кайтарып берүү ишинде атайын администратор менен иштешүүдөн баш тартууга же атайын администраторго жалган маалымат берүүгө;
10) атайын администратордун банктын активдерин өз менчигине тике же кыйыр түрдө сатып алышына;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюлууга тийиш болгон же өз ишин токтоткон банктын аталышын коммерциялык максатгарда мыйзамсыз пайдаланууга;
12) атайын администратордун милдетин аткаруусуна укукка жатпаган тоскоолдуктарды жасоого, анын мыйзамдуу талаптарын аткарбай коюута;
13) соттон, Улуттук банктан, атайын администратордон банктын мүлкү кимге, качан жана кандай түрдө берилгендиги жана ал мүлктүн мүнөздөмөлөрү тууралу маалыматтарды жашырууга;
14) ушул Мыйзамда каралган бүтүмдөрдү атайын администратордон жашырууга;
15) атайылап же жалган банкроттук түшүнүккө дал келген аракеттерге;
16) ушул Мыйзамда белгиленген кезектүүлүктү бузуу менен кредиторлордун бирине карата урмат көрсөткөн мамилелерге алып келген аракеттерге;
17) башка кредиторлорго залака келтирүү менен өз талаптарын укукка жатпаган негиздерде канаатгандыруу жөнүндө билип туруп кредитордун макул болуусуна;
18) айрым кредиторлордун пайдасына чечим кабыл алдыруу максатында атайын администраторго таасир көрсөтүүгө.
2. Бул берене ушул Мыйзамдын 95-беренесинин 5-пунктунда айтылган жактарга алар өз укуктарын ак ниеттүү жүзөгө ашырган же болбосо аларга берилген буйруктарды жана нускоолорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарырына ылайык аткарган учурда колдонулбайт.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
93-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-93" title="93-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>