# 90-берене. Банктын бүтүмдөрүнүн анык эместиги

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-90>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-90.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 90-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-90

---

1. Ушул Мыйзамдын жоболоруна карама-каршы келген тигил же бул бүтүм, анын ичинде консервациялоо же жоюу жол-жоболару башталганга чейин банк тарабынан ишке ашырылган бүтүмдөр да атайын администратордун өтүнмөсү боюнча сот тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн.

2. Эгерде бүтүм ушул главага ылайык же жарандык мыйзамдарда каралган дагы башка негиздерде жөнү жок аракеттин натыйжасы болсо, ал жараксыз (арзыбаган) болуп саналат.

3. Банктын финансылык кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн болгон бүтүмдөрүнүн укукка жатпай калышынын ыктымалдуулугун же жараксыздыгын аныктоо максатында банктын бүтүмдөрүн иликтөө атайын администратордун милдетине кирет.

---

Мурунку берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-89)  
Кийинки берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-91)
