# 89-берене. Көзөмөл тартибиндеги иш өндүрүшү

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2013 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203987)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399#diff=791049..791050>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-89>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-89.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 89-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-89

---

1. Банкроттук иштери боюнча көзөмөл иретиндеги иш өндүрүшү Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине ылайык, ушул беренеде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

2. Соттун чечимин, аныктамасын, токтомун көзөмөл иретинде кайрадан кароо жөнүндө арыз чечим, аныктама, токтом күчүнө кирген учурдан тартып 10 күн ичинде чечим, аныктама, токтом чыгарган Кыргыз Республикасынын соту аркылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилет.

3. Соттун чечимин, аныктамасын, токтомун көзөмөл тартибинде кайрадан кароо жөнүндө арызды иш өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку соту көзөмөлдүк инстанциясына арыз келип түшкөн учурдан кийинки 5 күн ичинде аныктама чыгарат.

4. Соттун чечимин, аныктамасын, токтомун көзөмөл иретинде кайрадан кароо жөнүндөгү арыз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна иш менен бирге келип түшкөн күндөн кийин жыйырма күндүк мөөнөттө каралат. Өзгөчө жагдайларда арызды кароонун көрсөтүлгөн мөөнөтү узартылышы мүмкүн, бирок ал бир айдан ашпайт.

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту карызкорду банкрот деп таануу жөнүндө чечимди, аныктаманы, токтомду көзөмөл иретинде кайрадан кароо арызын берген адамдын өтүнмөсү (арызы) боюнча атайын администраторго карызкордун мүлкүн тескөөгө байланыштуу аракеттерди ишке ашыруусуна тыюу салууга укуктуу.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

V-Бөлүм. Бүтүмдөр, укукка жатпаган аракеттер жана жоопкерчилик

---

Мурунку берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-88)  
Кийинки берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-90)
