# 88-берене. Арыздарды жана даттанууларды кароо

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 88-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-88

---

1. Жоюучунун, атайын администратордун арыздары, даттануулары, анын ичинде алар менен кредиторлордун ортосунда келип чыккан пикир келишпестиктер, ошондой эле банктын, кредиторлордун, Улуттук банктын жана дагы башка адамдардын алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга жол берилгендиги жөнүндөгү арыздары, даттануулары, анын ичинде кредиторлордун (комитетинин) чогулушунун, жоюучунун, атайын администратордун, банктын (банктын катышуучусунун), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чечимдерин жараксыз деп таануу жөнүндө мажбурлап жоюу (банкроттук процесс учурундагы) жол-жобосун жүргүзүүнүн жүрүшүндө ушул Мыйзамга ылайык берилген арыздар сот тарабынан аталган арыздар менен даттанууларды алган күндөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен каралат.

2. Аталган арыздарды жана даттанууларды кароонун жыйынтыгы боюнча сот аныктама чыгарат, ага даттанууга болот.

---

Мурунку берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-87)  
Кийинки берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-89)
