# 87-берене. Соттук чыгашаларды жана жоюучуга жана атайын администраторго сыйакы төлөп берүүгө кеткен чыгашаларды бөлүштүрүү

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-87>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-87.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 87-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-87

---

1. Бардык соттук чыгашалар, анын ичинде төлөө мөөнөтү узартылган же кийинкиге калтырылган мамлекеттик алымдар боюнча чыгашалар, ошондой эле жоюучуга жана атайын администраторго сыйакыларды төлөөгө кеткен чыгашалар карызкордун мүлкүнө чегерилет жана ушул Мыйзамга ылайык ушул мүлктүн эсебинен орду толтурулат.

2. Сот тарабынан карызкорду банкрот деп таануу жөнүндө чечим чыгарылган учурда, арыз берүүчү ушул Мыйзамдын 65-беренесинин 3-пунктунун талаптарына ылайык төлөгөн мамлекеттик алым ага банкроттук процессине кеткен чыгымдар катары толугу менен төлөнүп берилет.

Эгерде банкроттук жөнүндө ишти караганда сот кредитордун талабынын өлчөмү банкты банкрот деп таануу жөнүндөгү арызда көрсөтүлгөн өлчөмдөн аз экендигин аныктаса, мамлекеттик алым сот тарабынан белгиленген суммага жараша жарым-жартылайы төлөнүп берилет.

3. Банкроттук жөнүндө иш козгоо учурунда банкты банкроттукка чыгарууга белгилердин жоктугунан улам банкты банкрот деп таануудан баш тартуу тууралу соттун чечими кабыл алынган учурда ушул берененин 1-пунктунда каралган чыгашалар арыз менен сотко кайрылышкан арыз берүүчүлөргө тиешелүү болот жана алардын ортосунда талаптарына жараша бөлүштүрүлөт.

4. Соттук чыгашаларды жана жоюучу менен атайын администраторго сыйакыларды төлөп берүүгө кеткен чыгашаларды бөлүштүрүүнүн тартиби банкроттук жөнүндө ишти кароонун натыйжасы боюнча сот тарабынан кабыл алынган чечимде же аныктамада белгиленет.

---

Мурунку берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-86)  
Кийинки берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-88)
