# 85-берене. Арызды кароосуз калтыруунун негиздери

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-85>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-85.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 85-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-85

---

1. Сот банкты банкрот деп таануу жөнүндө арызды төмөнкү учурларда кароосуз калтырууга укуктуу:

1) көрсөтүлгөн жагдайлар аныкталса;

2) арыз берүүчү же анын өкүлү соттун жыйналышына жүйөлүү себепсиз келбесе жана соттун тиешелүү тартипте кабарлаганына карабастан ишти анын катышуусуз эле кароо жөнүндө өз пикирин билдирбесе.

2. Арызды кароосуз калтыруу тууралу сот аныктама чыгарат. Мыйзамдарында белгиленген учурларда соттун аныктамасында соттук чыгашаларды бөлүштүрүү, мамлекеттик алымдарды толугу менен же жарым-жартылай кайтарып берүү маселелери чечилиши мүмкүн. Арызды кароосуз калтыруу жөнүндөгү аныктамага даттанууга болот.

3. Арызды кароосуз калтырууга негиз болгон жагдайларды четтеткенден кийин арыз берүүчү жалпы негизде сотко арыз менен кайрадан кайрылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-84)  
Кийинки берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-86)
