# 84-берене. Ишти кароону кийинкиге калтыруу

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 84-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-84

---

1. Эгерде ишке жана (же) соттук процесске катышуучу адамдардын кайсы биринин келбей калуусуна байланыштуу же кошумча далилдерди берүү зарылчылыгынан улам ишти ошол сот жыйналышында кароо мүмкүн болбосо, сот ишти кароону кийинкиге калтырууга укуктуу.

2. Банктын же анын өкүлүнүн соттун жыйналышына жүйөлүү себепсиз катышпай калуусу ишти кароону кийинкиге калтыруу үчүн негиз болуп саналбайт.

3. Ишти кароону кийинкиге калтыруу ушул Мыйзамдын 76-беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдүн чегинде жүргзүлөт. Ишти кароонун кийинкиге калтырылгандыгы жөнүндө сот аныктама чыгарат, анда соттун кийинки жыйналышынын убактысы жана орду көрсөтүлөт. Соттун аныктамасы ишке катышып жаткан адамдарга тапшырык кат менен тапшырылгандыгы тууралу кабарлама менен жөнөтүлөт же алардын өкүлдөрүнө тилкат менен берилет.

4. Ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө аныктама даттанууга жатпайт.

---

Мурунку берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-83)  
Кийинки берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-85)
