# 81-берене. Банкты банкрот деп таануу жана банкроттук процессин баштоо жөнүндө соттун чечими

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 81-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-81

---

1. Банкты банкрот деп таануу жана банкроттук процессин баштоо жөнүндө соттун чечими ушул Мыйзамда каралган банкты банкрот деп таануунун белгилери аныкталган учурда кабыл алынат.

2. Соттун чечиминде төмөнкүдөй көрсөтмөлөр камтылууга тийиш:

1) банктын банкрот деп таанылышы жөнүндө;

2) банкроттук процессинин башталышы жөнүндө;;

3) атайын администратордун дайындалышы жөнүндө.

3. Соттун чечими ишке катышып жаткан адамдарга жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына тапшырык кат менен тапшырылгандыгы тууралу кабарлама менен жөнөтүлөт же аларга тилкат менен кабыл алынган күндөн тартып беш күн ичинде тапшырылат.

4. Соттун чечимине чечим чыгарылган учурдан тартып 10 күн ичинде көзөмөл тартибинде даттанууга болот. Даттануу сот тарабынан банкроттук процессинин чегинде каралат.

5. Атайын администраторго талапкерди сотко Улуттук банк сунуш кылат.

---

Мурунку берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-80)  
Кийинки берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-82)
