8-берене. Консерваторду дайындоо үчүн негиздер
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 1-Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Банктын активдеринин, бухгалтердик китептеринин жана жазууларынын сакталып турушун камсыз кылуу, банкка контролдуктун орнотулушу консервациялоонун максаты.
2. Улуттук банк консервациялоону киргизүүгө жана банкка консерваторду дайындоого укуктуу:
1) эгерде банктын капиталы өткөн 6 айдын ичинде банктык мыйзамдарга жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык, капиталдын деңгээлинен 50 пайызынан ашуунду, бирок 100 пайыздан азыраакты түзсө;
2) эгерде банк «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын банктары жана банк иши жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын мыйзамдуу тескемелерин талаптарын же буюртмаларын аткарбаса;
3) эгерде «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банк лицензиясын кайтарып алууга негиздер болсо.
3. Улуттук банк төмөндө келтирилген негиздердин кайсынысы болбосун орун алганда консервациялоону киргизүүгө жана банкка консерваторду дайындоого милдеттүү:
1) банктын капиталы Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык капиталдын 50 процентинен азды түзсө;
2) банк төлөө мөөнөттөрү келип жеткенден кийин өз милдеттенмелерин төлөөнү токтотсо жана бул төлөөлөр боюнча соттук талаш-тартыштар болбосо;
3) банкка карата банкроттук процессин же жоюу жол-жобосун козгоо жөнүндө арыз сотко келип түшкөндүгү тууралу соттун билдирмесин алса;
4) консерватор тарабынан ушул Мыйзамга ылайык, банкты өз эрки менен жоюуну бүткөрүү зарыл болсо;
5) кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу (экономикалык жана кызматтык кылмыштарды жасаганы үчүн коюлган күнөө боюнча) банктын кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголсо; мында «банктын кызмат адамдары» деп өздөрү расмий наамга ээ болгонуна же сый акы алганына карабастан, банк саясатын жүргүзүүчү банктын негизги операцияларына катышууга ыйгарым укугу бар же аларга иш жүзүндө катышкан адамдар түшүнүлөт.
Башкармалыктын төрагасы, башкармалыктын мүчөлөрү, финансы, кредит боюнча башкы кызмат адамдары аткаруучу кызмат адамдары болуп саналат.
4. Ушул берененин максаттарында:
1) Улуттук банк ушул беренеде көрсөтүлгөн жагдайларды аныктайт;
2) банктын капиталы Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык аныкталат;
3) банктын активдеринин жана пассивдеринин наркы Улуттук банктын ченемдик документтеринде белгиленген стандарттарга жана баалоо жол-жоболоруна ылайык аныкталат.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-8" title="8-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>