# 79-берене. Соттун аныктамасы

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2013 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203987)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399#diff=791049..791050>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 79-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-79

---

1. Сот иш боюнча төмөнкү учурларда аныктама чыгарат:

1) арыз кабыл алынганда;

2) арызды кабыл алуудан баш тартканда;

3) арыз кайтарылып берилгенде;

4) ишти кароо кийинкиге калтырылганда;

5) арыз кароосуз калтырылганда;

6) иш боюнча өндүрүш токтотула турганда;

7) иш боюнча өндүрүш токтотулганда;

8) мажбурлап жоюу жол-жобосу, анын ичинде банкты банкроттукка чыгаруу процесси аяктаганда;

9) ушул Мыйзамда каралган башка учурларда.

2. Сот Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин эрежелери боюнча өзүнчө акт түрүндө аныктама чыгарат.

3. Соттун аныктамасы чыгарылган учурдан тартып күчүнө кирет жана дароо аткарылууга тийиш.

4. Соттун аныктамасына ал чыккан учурдан кийинки он күн ичинде көзөмөл тартибинде даттанууга болот.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-78)  
Кийинки берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-80)
