# 78-берене. Банкты банкрот деп таануу үчүн негиздер

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-78>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-78.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 78-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-78

---

1. Ушул Мыйзамдын 24-беренесинде көрсөтүлгөн жагдайлардын биринин орун алышы эле сот үчүн банкты банкрот деп таанууга жетиштүү.

2. Эгерде сот ушул Мыйзамдын 77-беренесинин 1-пунктундагы жагдайлардын жана ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлардын бири орун алгандыгын белгилесе, анда алар банкты банкрот деп таануудан баш тартуу үчүн негиз катары кызмат кыла албайт:

1) төлөөгө тийиш болгон карыздарды келечекте төлөп берүүгө банктын мүмкүнчүлүгү болсо;

2) банктын, акционерлердин же инвестордун банктын активдерине кирбеген ири суммадагы финансылык резервдери болушу, бүткөрүлбөгөн өндүрүшү, мурда кирешелүү иштегендиги, бедели, өндүрүлүп жаткан продукцияларга, чийки заттарга керектөөлөрү, калыптанган белгилүү инфраструктуранын д.у.с. болушу.

---

Мурунку берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-77)  
Кийинки берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-79)
