# 77-берене. Чечим кабыл алууда сот тарабынан чечилген маселелер

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2013 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203987)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399#diff=791049..791050>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 77-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-77

---

1. Чечим кабыл алууда сот ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган маселелерди чечет. Мындан тышкары сот иш үчүн маанилүү болгон төмөнкү жагдайларды белгилөөгө тийиш:

1) арыз берген адам ушул Мыйзамдын 62-беренесине ылайык, карызкорду банкрот деп таануу жөнүндө арыз берүүгө укуктуу жакпы;

2) банк банкроттук процессине дуушар болуучу субъектпи;

3) карыздын өлчөмү банкроттук белгилерин аныктоо үчүн ушул Мыйзамдын 24-беренесинде белгиленген талаптарга жооп береби;

4) банктын кредитордун алдындагы милдеттенмесинен келип чыккан талап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын же тараптардын келишиминин талаптарына жооп береби;

5) банкты төлөөгө жөндөмсүз деп таануу үчүн мыйзамдуу негиздер барбы;

6) арыз берүүчүнүн талаптарынын негиздүүлүгү.

2. Арызды канааттандыруудан баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:

-лицензияларды кайтарып алуу үчүн негиздердин жоктугу;

- мажбурлап жоюу үчүн негиздердин жоктугу;

- ушул Мыйзамда каралган башка негиздер боюнча.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-76)  
Кийинки берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-78)
