77-берене. Чечим кабыл алууда сот тарабынан чечилген маселелер
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июля 2013 года № 178
1. Чечим кабыл алууда сот ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган маселелерди чечет. Мындан тышкары сот иш үчүн маанилүү болгон төмөнкү жагдайларды белгилөөгө тийиш:
1) арыз берген адам ушул Мыйзамдын 62-беренесине ылайык, карызкорду банкрот деп таануу жөнүндө арыз берүүгө укуктуу жакпы;
2) банк банкроттук процессине дуушар болуучу субъектпи;
3) карыздын өлчөмү банкроттук белгилерин аныктоо үчүн ушул Мыйзамдын 24-беренесинде белгиленген талаптарга жооп береби;
4) банктын кредитордун алдындагы милдеттенмесинен келип чыккан талап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын же тараптардын келишиминин талаптарына жооп береби;
5) банкты төлөөгө жөндөмсүз деп таануу үчүн мыйзамдуу негиздер барбы;
6) арыз берүүчүнүн талаптарынын негиздүүлүгү.
2. Арызды канааттандыруудан баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
-лицензияларды кайтарып алуу үчүн негиздердин жоктугу;
- мажбурлап жоюу үчүн негиздердин жоктугу;
- ушул Мыйзамда каралган башка негиздер боюнча.
(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
77-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-77" title="77-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>