# 75-берене. Банктын арызга карата пикири

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-75>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-75.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 75-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-75

---

1. Банк арызга каршы экендигин тастыктаган каршы пикирлери тиркелген документтерди жана арыз ээсине бул пикирдин көчүрмөсү ал пикир ишти кароо күнү тапшырылышын камсыздоочу мөөнөттө жиберилгендигине далилдерди тиркөө менен кредитордун, Улуттук банктын арызына болгон пикирин сотко жөнөтүүгө укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган маалыматтардан тышкары, банктын пикиринде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) арыз берүүчүнүн талаптары боюнча банктын каршы пикирлери;

2) банктын кредиторлордун алдындагы милдеттенмелери боюнча карыздарынын жалпы суммасы;

3) банкта болгон мүлк жөнүндө, анын ичинде банктардагы жана башка финансы-кредиттик уюмдардагы анын эсептерине салынган акча каражатгары жөнүндөгү маалыматтар, банктардагы жана башка финансы-кредиттик уюмдардагы эсептердин номерлери жана алардын почталык дареги;

4) арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө сот аныктама чыгарганга чейин, алардын карызкор тарабынан таанылышы учурунда, арыз берүүчүнүн талаптарынын канааттандырылганына далилдер;

5) банк банкроттук жөнүндөгү иштин туура чечилиши үчүн зарыл деп эсептеген башка маалыматтар, ошондой эле банкта болгон өтүнмөлөр.

3. Банктын пикиринин жоктугу банкроттук жөнүндө иштин каралышы үчүн тоскоолдук болбойт.

---

Мурунку берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-74)  
Кийинки берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-76)
