# 72-берене. Банкты банкрот деп таануу жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартуу

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 72-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-72

---

1. Сот төмөнкү учурларда банкты банкрот деп таануу жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартат:

1) эгерде банк ушул Мыйзамга ылайык банкрот деп таанылышы мүмкүн эмес болсо;

2) эгерде банк мурда банкрот деп таанылып жана ага карата банкроттоо процессинин жол-жоболору жүргүзүлүп жаткан болсо;

3) эгерде банк жоюлуп кетсе жана мамлекеттик реестрден чыгарылган болсо;

4) эгерде карыздын суммасы ушул Мыйзамдын 24-беренесинде белгиленген эң аз өлчөмгө дал келбесе;

5) эгерде арыз берүүчүнүн ушул Мыйзамдын 62-беренесине ылайык сотко кайрылууга укугу жок болсо;

6) эгерде банкроттоо жөнүндө арыз мурда эле сотко келип түшсө же иш өндүрүшүнө кабыл алынып, бирок сот тарабынан карала элек болсо, ал боюнча бир эле жак жоопкер болуп саналса.

2. Арызды кабыл алуудан баш тартуу учурунда сот, жүйөлөштүрүлгөн аныктама чыгарат, ал көрсөтүлгөн арыз сотко келип түшкөн күндөн кийинки 5 күндөн кечиктирилбестен арыз берүүчүгө жана карызкорго жиберилет. Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктамага даттанууга болот.

3. Көзөмөл тартибинде аныктаманы алып салуу учурунда арыз сотко алгачкы кайрылган күнү берилген болуп эсептелинет.

---

Мурунку берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-71)  
Кийинки берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-73)
