# 71-берене. Арыздын кабыл алынышы

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-71>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-71.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 71-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-71

---

1. Арызды кабыл алуу жөнүндөгү маселени судья жеке өзү чечет.

2. Сот ушул Мыйзамда каралган талаптарды сактоо менен берилген арызды сот өндүрүшүнө кабыл алууга милдеттүү.

3. Арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө сот, арыз келип түшкөн күндүн эртесинен кечиктирбестен, аныктама чыгарат жана ал иш боюнча катышкан тараптарга дароо жиберилет. Соттун жыйналышы арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө сот аныктама чыгарган учурдан кийинки 5 күндөн кечиктирилбестен башталуута тийиш.

4. Арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндөгү аныктамада судья ишти соттук териштирүүгө даярдоо боюнча көрүлүп жаткан аракеттерди, соттун жыйналышында ишти териштирүүгө коюуну, аны өткөрүүнүн убактысын жана ордун көрсөтүүгө тийиш.

5. Арыз кароого кабыл алынган учурунан тартып, ишти кароо мөөнөтүндө карыздарды төлөөгө жана карызкордун активдерин камакка коюуга тиешелүү бардык соттук жана башка аракеттерди аткаруу токтотулат. Ушул пункттун жоболору күрөө менен камсыз болунган кредитордун укуктарына жана мүлк ээсинин укугуна же катышуучу мүлктү карызкорго өткөрүп берүүгө (ээликке өткөрүп берүү же убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндөгү макулдашуунун негизинде) укукту ыйгарган башка жактын укуктарына жайылтылбайт.

6. Карызкорго карата анын карамагында турган мүлктөрдү тескөөсүнө чектөөлөр соттук процесстин алкагында гана коюлушу мүмкүн.

7. Арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө аныктама даттанууга жатпайт.

8. Арыз сот тарабынан иш өндүрүшүнө кабыл алынган учурда, ушул Мыйзамга ылайык күчүнө кирген Улуттук банктын чечимдерин кайра кароо жөнүндө кайсы болбосун жактардын утурлама жана/же өз алдынча койгон талаптары кароого кабыл алынбайт.

---

Мурунку берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-70)  
Кийинки берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-72)
