Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
70-берене. Кредитордун арызына тиркелүүчү документтер
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Кредитордун арызына тастыктаган төмөндөгү документтер тиркелет:
1) кредитордун талаптарынын негиздүүлүгүнүн далилдери, анын ичинде карызкордун кредитордун алдындагы милдеттенмелери, ошондой эле ошол милдеттенмелер боюнча карыздардын бар болушу жана өлчөмү;
2) кредитордун арызынын негиздүүлүгүнүн далилдери, анын ичинде, эгерде: кредитордун карызкорго карата талаптарын караган соттун, соттун же бейтарап соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими; ошол талаптардын карызкор тарабынан таанылышын тастыктаган далилдер; аткаруу документтери (аткаруу баракчасы, карызкор тарабынан акцептелген төлөө талаптары, нотариустун ишти аткаруу жазуулары ж.б.) болсо;
3) кредитордун арызы негизделген башка далилдер;
4) мамлекеттик алымдардын жана почталык чыгымдардын белгиленген тартипте жана өлчөмдө төлөнгөнүнө (мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымдарды төлөөдөн бошотулган учурларды эске албаганда);
5) арыздын көчүрмөсүн карызкорго жиберүү (тапшыруу).
2. Эгерде арызга кредитордун өкүлү кол койгон болсо, анын ошондой арызды берүүгө ыйгарым укуктарын тастыктаган ишеним каты, арызга кошо тиркелет.
3. Эгерде кредиторлор ишти алып барууну кредиторлордун бирине тапшырган болсо, анда бардык кредиторлор-тапшыруучулар тарабынан кол коюлган, ишти алып барууга ыйгарым укукту тастыктаган ишеним кат да арызга тиркелет.
4. Эгерде Улуттук банк арыз берген болсо, анда арызга карызкордун Улуттук банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн финансылык отчету, лицензияларды кайтарып алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чечиминин көчүрмөсү жана башка зарыл документтер тиркелет.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-70" title="70-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>