# 7-берене. Проблемалуу банк

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 1-Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 7-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-7

---

1. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде келтирилген кайсы болбосун жагдайлар келип чыккан учурдан тартып, алар ушул Мыйзамда каралган жол-жоболор башталганга чейин же андан кийин келип чыккандыгына карабастан, болбосо Улуттук банк ал тууралу инспектирлөөнү жүргүзгөндөн кийин банкка жазуу жүзүндө билдирсе, банк проблемалуу (финансылык кыйынчылыктарды тартып жаткан) болуп эсептелет.

2. Улуттук банк тарабынан банкка проблемалуу банктын статусу ыйгарылган учурдан тартып, ага Улуттук банктын макулдугусуз активдерин өз алдынча тескөөсүнө же пассивдерин арттыруусуна тыюу салынат.

3. Проблемалуу банктын статусу, банктын финансылык кыйынчылыктары бар экендигин көрсөткөн жагдайлар ага белгилүү болбогон учурларды эске албаганда, Улуттук банк ал тууралу банкка жарыялаган учурдан тартып токтотулат.

II-Бөлүм. Консервациялоо

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-8)
