# 68-берене. Мажбурлап жоюу процессин козгоо жөнүндө кредитордун арызы

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 68-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-68

---

1. Кредитордун арызы машинкада басылган жазуу жүзүндөгү текст түрүндө сотко берилет. Кредитордун - юридикалык жактын арызына анын жетекчиси же өкүлү, ал эми кредитор - жарандын арызына, жарандын өзү же анын өкүлү кол коюшат.

2. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) арыз берилип жаткан соттун аталышы;

2) карызкордун аталышы, анын почталык дареги;

3) кредитордун карызкорго карата коюлган талаптарынын өлчөмү жана төлөнүп берилүүгө тийиш болгон пайыздардын жана бышманалардын (айыпакылар, туумдар) өлчөмдөрү;

4) карызкордун кредитордун алдындагы ал талапты пайда кылган милдеттенмеси, ошондой эле аны аткаруунун мөөнөттөрү;

5) ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча мажбурлап жоюу жол-жобосун козгоо жөнүндө талап;

6) кредитор иштин туура чечилиши үчүн зарыл деп эсептеген башка маалыматтар, ошондой эле кредитордо болгон өтүнмөлөр;

7) тиркелген документтердин тизмеси.

3. Кредитор арыздын көчүрмөсүн карызкорго жөнөтүүгө милдеттүү. Эгерде карызкордун турган жери белгисиз болсо, арыздын көчүрмөсү анын мүлкүнүн турган ордуна же Кыргыз Республикасында акыркы жашап турган жери боюнча жиберилиши мүмкүн.

4. Улуттук банктын арызын сактоо кредитордун арызына карата ушул Мыйзамда каралган талаптары менен сотко берилет.

---

Мурунку берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-67)  
Кийинки берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-69)
