68-берене. Мажбурлап жоюу процессин козгоо жөнүндө кредитордун арызы
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Кредитордун арызы машинкада басылган жазуу жүзүндөгү текст түрүндө сотко берилет. Кредитордун - юридикалык жактын арызына анын жетекчиси же өкүлү, ал эми кредитор - жарандын арызына, жарандын өзү же анын өкүлү кол коюшат.
2. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) арыз берилип жаткан соттун аталышы;
2) карызкордун аталышы, анын почталык дареги;
3) кредитордун карызкорго карата коюлган талаптарынын өлчөмү жана төлөнүп берилүүгө тийиш болгон пайыздардын жана бышманалардын (айыпакылар, туумдар) өлчөмдөрү;
4) карызкордун кредитордун алдындагы ал талапты пайда кылган милдеттенмеси, ошондой эле аны аткаруунун мөөнөттөрү;
5) ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча мажбурлап жоюу жол-жобосун козгоо жөнүндө талап;
6) кредитор иштин туура чечилиши үчүн зарыл деп эсептеген башка маалыматтар, ошондой эле кредитордо болгон өтүнмөлөр;
7) тиркелген документтердин тизмеси.
3. Кредитор арыздын көчүрмөсүн карызкорго жөнөтүүгө милдеттүү. Эгерде карызкордун турган жери белгисиз болсо, арыздын көчүрмөсү анын мүлкүнүн турган ордуна же Кыргыз Республикасында акыркы жашап турган жери боюнча жиберилиши мүмкүн.
4. Улуттук банктын арызын сактоо кредитордун арызына карата ушул Мыйзамда каралган талаптары менен сотко берилет.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
68-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-68" title="68-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>