# 66-берене. Карызкордун мажбурлап жоюу процессин козгоо жөнүндө арызы

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 66-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-66

---

1. Карызкор уюмдаштыруу документтерине ылайык жоюу жөнүндө чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде, арыз менен сотко кайрылат.

2. Карызкордун арызы машинкада басылган жазуу жүзүндөгү текст түрүндө сотко берилет. Арызга карызкордун жетекчиси болбосо аны алмаштырган адам кол коюшат.

3. Карызкордун арызында төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) арыз берилип жаткан соттун аталышы;

2) карызкордун аталышы, анын почталык дареги;

3) карызкорго маалым болгон бардык кредиторлор, анын ичинде күрөө менен камсыз болгондору жана алардын талаптарынын суммалары;

4) мажбурлап жоюу жол-жобосун козгоо же банкрот деп таануу жана банкроттоо процессин козгоо жөнүндө өтүнүч;

5) карызкордун активдеринин болжолдуу наркы жөнүндө маалыматтар;

6) карызкор иштин туура чечилиши үчүн зарыл деп эсептеген башка маалыматтар, ошондой эле карызкордо болгон өтүнмөлөр;

7) тиркелген документтердин тизмеси.

4. Өзүн жоюу жөнүндө берген карызкордун арызы, ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык, Улуттук банктын макулдугу менен жүзөгө ашырылат.

5. Карызкор тарабынан арыздын көчүрмөсүн жана ага тиркелген документтерди кредиторлорго жиберүү талап кылынбайт.

---

Мурунку берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-65)  
Кийинки берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-67)
