# 64-берене. Соттук процесске катышкан жактар

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2013 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203987)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399#diff=791049..791050>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-64>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-64.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 64-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-64

---

1. Ишке катышкан жактардан тышкары, иш боюнча соттук процесске эксперттер, тилмечтер, күбөлөр, ал эми ушул Мыйзамда каралган учурларда, башка адамдар катышышы мүмкүн.

2. Соттук процесске катышкан жактар ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган процесстик эрежелерден пайдаланышат жана андагы милдеттерди аткарышат.

3. Ишти кароодо атайын билдирмени талап кылуучу маселелер пайда болгондо түшүндүрүү үчүн ишке катышкан жактын өтүнмөсү, болбосо өз демилгеси боюнча, сот экспертизаны дайындоого укуктуу. Экспертизага байланыштуу чыгашалар жоюучунун (атайын администратордун) чыгашалары болуп саналат.

4. Сот тарабынан ишти туура чечүү үчүн маанилүү болгон маалыматтарды жана жагдайларды билген кайсы адам болбосун, анын ичинде карызкордун катышуучулары, кызмат адамдары жана кызматкерлери, өз алдынча башкаруунун жергиликтүү органдарынын, бөлөк уюмдардын ж.б. өкүлдөрү күбө катары чакыртылышы мүмкүн.

Күбөнү чакыртуу жөнүндө өтүнгөн адам, иш үчүн маанилүү болгон кандай жагдайларды күбө тастыктап мүмкүндүгүн көрсөтүүгө жана сотко анын аты, фамилиясы жана жашаган жери (иши) тууралу билдирүүгө тийиш.

5. Күбө катары төмөндөгүлөр чакыртылбайт жана суракка алынбайт:

1) жарандык иштер боюнча өкүлдөр же кылмыш иштери боюнча коргоочулар - өкүлдүн же коргоочунун милдетин аткарууга байланыштуу аларга маалым болгон жагдайлар тууралу;

2) өзүнүн дене түзүлүшү же психикалык жактан майыптыгынан улам фактыларды туура кабыл алуута же алар тууралу туура көрсөтмө берүүгө жөндөмсүз адамдар.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-63)  
Кийинки берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-65)
