63-берене. Ишке катышкан жактар
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июля 2013 года № 178
1. Ишке катышкан жактар болуп төмөнкүлөр саналышат:
1) Консерватордун, ал тарабынан ыйгарым укук берилген өкүлдүн атынан банк;
2) банктын жетекчилигинин (иштен четтетилген жетекчиликтин) ыйгарым укуктуу өкүлү;
3) кредитор же кредиторлор;
4) Улуттук банк же милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча башка ыйгарым укуктуу орган.
2. Ишке катышкан жактар процесстик укуктардан пайдаланышат жана ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган милдеттерди аткарышат. Мында доо коюучу Жарандык процесстик кодексинде доогерге ал эми банк-жоопкерге карата каралган укуктарга ээ болот жана милдеттерди аткарат.
Кредиторлор ушул Мыйзамда каралган өзгөчөлүктөрдү эсепке алуу менен банкрот деп таануу жөнүндө арыз берүүгө укугу бар.
3. Сот тиешелүү деңгээлдеги чечим кабыл алынганга чейин, карызкордун башка кредиторлорунун өтүнмөсү боюнча, аларды ишке катышкан жактар катары тартууга милдеттүү.
4. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган үчүнчү жактар (же өз алдынча талаптарды коюшпагандар) жөнүндө эрежелер, ошондой эле арызданышкандар тийиштиги жок тараптарды алмаштыруу жөнүндөгү эрежелер колдонулбайт.
(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
63-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-63" title="63-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>