# 6-берене. Банк дуушар болгон проблемалар жөнүндө Улуттук банкка маалымдоо

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 1-Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 6-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-6

---

Банктын жетекчилери же катышы барлар, эгерде төмөндө келтирилген фактылардын кайсынысы болбосун аларга белгилүү болсо, Улуттук банкка токтоосуз маалымдоого милдеттүү:

1) кредитордун же аманатчынын депозитин, анын ичинде төлөө мөөнөтү келип жеткенге чейин эле төлөнүп берилиши жөнүндөгү талаптары банк тарабынан аткарылбаса;

2) эгерде ошол кредиторлор төлөө мөөнөтү келип жеткенден кийинки кандай учурда болбосун төлөөнү талап кылса, кайсы болбосун кредитордун (аманатчынын) алдындагы өз милдеттенмелерин толук канааттандырууга банктын каражатынын жоктугу;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик актыларында каралган талаптарга карата, капиталдын же ликвиддүүлүктүн деңгээлинин жетишсиздиги;

4) банктар үчүн милдеттүү болгон экономикалык башка ченемдери, Улуттук банкынын ченемдик актылары же талаптары бузулса;

5) банкты жоюу жөнүндө банктын жетекчилеринин, Директорлор кеңешинин же акционерлеринин кандай болбосун чечимин;

6) банктын төлөө жөндөмсүздүгүн же ушундай эле коркунучтарды;

7) банктын жетекчилеринин, Директорлор кеңешинин же акционерлеринин банк үчүн финансылык кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн болгон кара ниет аркеттерге жол беришинин, өз кызматынан кыянатчылык менен пайдалануусунун же көз боемочулук аракеттеринин фактыларын;

8) банк үчүн финансылык кыйынчылыктарга алып келген же алып келиши мүмкүн болгон башка иш-аракеттерди, жагдайларды же фактыларды.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-7)
