6-берене. Банк дуушар болгон проблемалар жөнүндө Улуттук банкка маалымдоо
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 1-Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Банктын жетекчилери же катышы барлар, эгерде төмөндө келтирилген фактылардын кайсынысы болбосун аларга белгилүү болсо, Улуттук банкка токтоосуз маалымдоого милдеттүү:
1) кредитордун же аманатчынын депозитин, анын ичинде төлөө мөөнөтү келип жеткенге чейин эле төлөнүп берилиши жөнүндөгү талаптары банк тарабынан аткарылбаса;
2) эгерде ошол кредиторлор төлөө мөөнөтү келип жеткенден кийинки кандай учурда болбосун төлөөнү талап кылса, кайсы болбосун кредитордун (аманатчынын) алдындагы өз милдеттенмелерин толук канааттандырууга банктын каражатынын жоктугу;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик актыларында каралган талаптарга карата, капиталдын же ликвиддүүлүктүн деңгээлинин жетишсиздиги;
4) банктар үчүн милдеттүү болгон экономикалык башка ченемдери, Улуттук банкынын ченемдик актылары же талаптары бузулса;
5) банкты жоюу жөнүндө банктын жетекчилеринин, Директорлор кеңешинин же акционерлеринин кандай болбосун чечимин;
6) банктын төлөө жөндөмсүздүгүн же ушундай эле коркунучтарды;
7) банктын жетекчилеринин, Директорлор кеңешинин же акционерлеринин банк үчүн финансылык кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн болгон кара ниет аркеттерге жол беришинин, өз кызматынан кыянатчылык менен пайдалануусунун же көз боемочулук аракеттеринин фактыларын;
8) банк үчүн финансылык кыйынчылыктарга алып келген же алып келиши мүмкүн болгон башка иш-аракеттерди, жагдайларды же фактыларды.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-6" title="6-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>