# 58-берене. Атайын администратордун отчету

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-58>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-58.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 58-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-58

---

1. Кредиторлор менен бардык эсептешүүлөрдү бүткөрүүдөн жана ушул Мыйзамда каралган башка милдеттерди аткаруудан кийин атайын администратор сотко, кредиторлор комитетине жана Улуттук банкка өз ишинин натыйжалары жөнүндө отчет берет.

2. Отчетко төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:

1) жоюу балансы;

2) кредиторлордун талаптарынын реестри жана канааттандырылган талаптардын суммасын көрсөтүү менен аларды кароонун натыйжалары;

3) банктын калган мүлктөрүн (активдерин) пайдалануу тууралу документтер;

4) өндүрүп алууга мүмкүн болбогон катары алынып салынган же тиешелүү негиздөөлөрдү тиркөө менен баалуулукка жатпаган катары эсептелинген активдердин документтери;

5) атайын администратор алган сыйакылар жөнүндө документтер;

6) административдик чыгашалардын негиздүүлүгүн жана максатка ылайыктуу жумшалгандыгын тастыктаган документтер;

7) банктын жетекчилеринин жана катышы барлардын укукка жатпаган аракеттери (эгерде андайларга жол берилсе) жөнүндө маалыматтар;

8) зарыл башка маалыматтар.

---

Мурунку берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-57)  
Кийинки берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-59)
