# 57-берене. Эл аралык банктардын банктроттуугу

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 57-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-57

---

Ата-мекендик жана чет өлкөлүк кредиторлорунан өз ишин бир нече өлкөдө жүргүзгөн банкрот болгон банктын активдеринин жалпы фондусунан бирдей үлүштө пайдалануусун камсыз кылуу максатында:

1) эгерде Кыргызстандын банкрот болгон банкынын башка өлкөдө филиалдары жана өкүлчүлүктөрү болсо, Улуттук банк ошол өлкөнүн расмий органдары менен кызматташышы мүмкүн;

2) эгерде Кыргызстандын банкрот болгон банкынын кредиторуна анын талаптары боюнча башка өлкөдөн жарым-жартылай төлөнүп берилсе, кредитордун талаптары боюнча калдык Кыргыз Республикасындагы иш өндүрүшүнүн натыйжасында келип чыккан чыгымдар менен бирге төлөөгө коюлушу мүмкүн;

3) банкты банкрот деп таануу жөнүндө чет өлкөдө кабыл алынган чечим жана резидент эмес банктардын активдерин сактоо жана реабилитациялоо боюнча чет өлкөдө жүргүзүлгөн чаралар алардын жергиликтүү филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө карата канчалык деңгээлде тааныла тургандыгын сот аныктайт;

4) эгерде резидент эмес банктын башкы кеңеши жайгашкан өлкөдө жоюлуу процесси болуп жатса же ошол жерде анын негизги иши жүргүзүлсө, Улуттук банктын талабы боюнча, резидент эмес банктын, Улуттук банк аларды которуу максатка ылайыктуу жана ошол банктын кредиторлорунун кызыкчылыгына жооп берет деп эсептеген активдерин гана ошол өлкөдөгү атайын администраторго өткөрүп берүүгө сот уруксат бериши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-56)  
Кийинки берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-58)
