# 56-берене. Кредиторлордун талаптарын бөлүштүрүү графиги

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 56-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-56

---

1. Кредиторлордун бекитилген талаптары төлөп берүү кезектүүлүгүнө ылайык категориялар боюнча бөлүштүрүлөт жана бөлүштүрүү графигине киргизилет. Ушул Мыйзамда каралган учурларды эске албаганда, бир категорияга кирген талаптар боюнча төлөнүп берилүүгө тийиш болгон суммалар, колдо болгон каражаттардын суммасына тиешелүү бирдей эле пайыздык үлүштүн базасында аныкталат.

2. Атайын администратор бөлүштүрүлгөн каражаттарды банктын кредиторлоруна төлөөнүн Улуттук банк менен макулдашылган графигин сотко кайсы учурда болбосун сунуштай алат, ал эми сот түзүлгөн тизмеге ылайык төлөө, банктын башка кредиторлорунун укугун бузбаган шартта бекитилген банктын кредиторлоруна бөлүштүрүлгөн каражаттарды төлөө графигин бекитет.

3. Сот тарабынан бекитилген бөлүштүрүү графиги акыркысы болуп саналат жана техникалык (туура эмес жазуу, иш кагаздарынын катасы) катачылыктарга жол берилген учурда гана даттанууга жатат. Кандай даттануу болбосун сотко графикти бекиткенден кийин 30 күндөн кечиктирбестен берилиши зарыл.

4. Сот тарабынан бөлүштүрүү графиги бекитилгенден кийин, бул графикте каралган төлөп берүүлөрдү атайын администратор токтоосуз түрдө жүргүзөт. Кредиторлорду аныктоонун жана алар менен байланышуунун мүмкүн эместигинен улам, төлөнүп берилбеген, бөлүштүрүү графигине киргизилген суммалар Улуттук банктагы счетто депонирлеништирилет. Атайын администратор республикалык газетада же кеңири тараган газеталардын биринде кабарлама жарыялоого тийиш, анда ысымдары аталган кредиторлорго каражаттарды алуу боюнча кайрылуу сунушталат. Ушундай түрдө депонирлеништирилген каражаттар ошол кредиторлор же алардын укугу өткөндөр тарабынан алынышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-55)  
Кийинки берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-57)
