Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
55-берене. Жалпы чогулуш жана кредиторлор комитети
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 декабря 2006 года № 220
1. Банкты натыйжалуу жоюу жана банкроттоо максатында кредиторлордун комитети чакырылат.
2. Өздөрүнүн укук талаптарын каттаткан кредиторлордун жалпы санынын үчтөн экисинин кем эмесинин кызыкчылыктарын коюу жана коргоо үчүн кредиторлордун комитети уюштурулат.
Кредиторлор комитети 3 кишиден 7 кишиге чейинки курамда шайланат. Банктын, финансылык-кредиттик мекемелердин акционерлери (катышуучулары) жана кызматкерлери, ошондой эле жалдоо келишими боюнча банкроттук процедурасынын чегинде иш аткарышкан адамдар кредиторлор кеңешинин мүчөсү болууга укуксуз.
3. Өздөрүнүн укук талаптарын каттаткан кредиторлордун жалпы санынын үчтөн экисинин кем эмеси катышкан кредиторлордун жалпы чогулушунда кредиторлор комитети шайланат.
Кредиторлордун биринчи чогулушун уюштуруу жана өткөрүү банкроттук процедурасын колдонууга жараша кредиторлор, карызкорлор, консерваторлор же администраторлор тарабынан жүзөгө ашырылат. Кредиторлордун чогулушун чакырган адам чогулушту чакыруу жөнүндө кредиторлор чогулушу өткөрүлүүчү датага чейин он күн мурда республикалык газетада бир жолу кулактандыруу жарыялоого жана эсептик көрсөткүчтөр жүз же андан ашуун өлчөмүндө карызы бар өзү билген кредиторлорго тапшырылгандыгы жөнүндө маалымдоо менен буйрутма кагазга каттарды жөнөтүү же болбосо аларга чогулуш өткөрүлгөн датага чейин кеминде он күн мурда кол койдуруп тапшыруу жолу менен маалымат берүүгө милдеттүү. Ошол эле учурда кредиторлордун чогулушун талаптагыдай чакыруу үчүн бир буйрутма катты жөнөтүү жетиштүү болот.
4. Кредиторлордун биринчи чогулушу өткөрүлгөндөн кийин кийинки чогулуштарды чакыруу укугуна кредиторлор чогулушу (комитети), консерваторлор, администраторлор, же Улуттук банк ээ болот.
5. Кредиторлордун биринчи чогулушуна добуш укугу менен катышуу үчүн кредиторлор чогулуш башталганга чейин календардык жети күн мурда мындай чогулушту козгогон адамга же администраторго өзүнүн талабын (дооматын) берүүгө милдеттүү.
6. Кредиторлордун чогулушуна добуш укугу менен катышуу үчүн жана добуш берүү максатында күрөө менен камсыз болгон кредитор күрөө предметинин наркын (баалаган наркын) баалоого жана ал жөнүндө кредиторлордун биринчи чогулушунда жарыялоого тийиш.
Күрөө менен камсыз болгон кредитордун добуш берүү укугу күрөө менен камсыз болгон кредитордун талаптарынын суммасы менен күрөө предметинин бааланган наркынын ортосундагы айырма катары аныкталат. Күрөө менен камсыз болгон кредитор өзүнүн камсыз кылуу укугунан баш тартууга укуктуу. Мындай учурда күрөө менен камсыз болгон кредитордун добуш берүү укугу анын талаптарынын наркы катары аныкталат жана ал кийин кабыл алынган чечимден баш тартууга укуксуз болот. Администратор күрөө менен камсыз болгон кредитордун күрөө предметин бааланган наркы боюнча сатып алууга укуктуу.
7. Кредиторлордун чогулушу, эгерде кредиторлордун чогулушу (комитети) тарабынан башкача белгиленбесе, карызкордун турган жеринде үч айда кеминде бир жолу өткөрүлөт.
Кредиторлордун чогулушунун чечими чогулуштун протоколу менен жол жоболоштурууга жана ага чогулуштун төрагасы кол коюуга тийиш.
8. Кредиторлордун комитети өзүнүн иш милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн:
- карызкордун финансылык абалы жөнүндө маалыматты;
- банкроттук процессинин жүрүшү жөнүндө маалыматты талап кылууга;
- сунуштар берүүгө;
- администраторго (консерваторго) ишеним көрсөтпөөгө укуктуу
9. Эгерде-аларга кредиторлор комитетинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү добуш берсе, кредиторлор комитетинин чечими укукка жарамдуу болот. Добуштар тең болгон учурда кредиторлор комитетинин төрагасынын добушу чечүүчү добуш болуп эсептелет.
(КР 2005-жылдын 10-мартындагы № 47 Мыйзамынын, 2006-жылдын 28-декабрындагы N 220 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 декабря 2006 года № 220 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О консервации, ликвидации и банкротстве банков"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 марта 2005 года № 47 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О консервации, ликвидации и банкротстве банков"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-55" title="55-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>