# 50-берене. Административдик чыгашалар

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 50-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-50

---

1. Административдик чыгашаларга жоюу процесси жөнүндө билдирүүнү жарыялоого кеткен чыгашалар, атайын администратор (же консерватор) тарабынан чакырылган акционерлердин чогулушун өткөрүүгө кеткен чыгашалар, соттук чыгымдар, атайын администратордун башка чыгашалары (консервациялоо жоюлууга алып келген жана жоюу процессине өзгөртүп түзүлгөн учурлардагы консерватордун чыгашаларын кошкондо), атайын администратордун сыйакылары, атайын администратор банктын чарбалык ишин улантуу зарыл деп эсептеген мезгил ичиндеги банктын мүмкүн болуучу чыгашалары, алынган товарлардын жана көрсөтүлгөн кызматтарынын наркы (электр энергиясы, суу менен камсыз кылуу, телефон ж.б), ошондой эле башка негиздүү чыгашалар камтылат.

2. Атайын администратордун чыгашаларына атайын администратор тарабынан жалдаган кызматкерлердин эмгегине төлөөгө кеткен суммалар же атайын администратордун милдеттенмелери боюнча же атайын администратор өзүнө алган милдеттенмелер боюнча төлөнгөн башка суммалар камтылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-49)  
Кийинки берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-51)
