# 47-берене. Кредиторлордун эсептери

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 47-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-47

---

1. Банк банкрот болгон учурда атайын администратор башка банкта эсеп (эсептерди) ачат. Бул эсеп улуттук валютада же чет өлкө валютасында (зарыл болгон учурларда) ачылышы мүмкүн. Атайын администратор, банкрот болгон ар бир банк үчүн, өзүнчө эсеп кармоого тийиш, аларда ошол банктар боюнча операцияларга байланыштуу алынган каражаттар чегерилиши мүмкүн.

2. Жоюлган банктын банктарда жана башка кредиттик мекемелердеги болгон жана жоюу учурунда табылган башка эсептери, табылгандан кийин жабылууга тийиш. Бул эсептердеги калдыктар атайын администратордун башкы эсебине которулат.

3. Жоюунун жүрүшүндө алынган каражаттар башкы эсепке чегерилүүгө тийиш. Административдик чыгымдар ошол эле эсептин каражаттарынан төлөнүүгө тийиш.

4. Атайын администратор банктын каражаттарынын суммасы жана анын кандайча пайдаланылгандыгы жөнүндөгү (ага маалым болгон деңгээлде) кыскача отчетту, ар бир үч айда соттун жана Улуттук банктын талабы боюнча сотко жана Улуттук банкка берип турууга тийиш.

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-48)
