# 46-берене. Күрөө менен камсыз болгон талаптар

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 46-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-46

---

1. Кредиторлордун банкка карата бекитилген талаптарын камсыз кылуучу катары же банктын өзүнүн талаптарынын камсыздоочу катары кызмат кылган бардык активдер, төмөнкүлөрдү эске албаганда, атайын администратор тарабынан ачык тооруктарда сатылууга тийиш:

1) рынокто жеңил сатылып өткөрүлө турган баалуу кагаздар, чет өлкө валютасы жана башка активдер, мындай активдерди, сатып алуу-сатуу жүзөгө ашырылган рыноктордо гана сатып өткөрүлүшү мүмкүн;

2) банктын карыздарын камсыздоочу катары кызмат кылган жана рыноктордо жеңил сатып өткөрүлө турган баалуу кагаздар, чет өлкө валютасы жана башка активдер, бул активдер алардын тескөөсүндө турган кредиторлор тарабынан сатылып өткөрүлүшү мүмкүн;

3) эгерде атайын администратор ачык тооруктарда активдерди алгылыктуу баада сатуунун мүмкүн эместигин аныктаса, сот атайын администраторго, активдерди сот тарабынан бекиткен баа боюнча жеке тартипте сатууну жүзөгө ашырууга уруксат бериши мүмкүн.

2. Банкрот болгон банктын ушул берененин 1-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлбөгөн активдери, атайын администратордун талабынан кийин токтоосуз түрдө анын тескөөсүнө өткөрүлүп берилиши керек.

3. Кредиторлордун күрөө менен камсыз болгон талаптары, канааттандырылбай калган бөлүктү эске албаганда, кезексиз канааттандырылат. Эгерде күрөөнү сатуудан алынган пайда талаптардын суммасын толук жандыруу үчүн жетишсиз болсо, анын калган бөлүгү камсыз болбогон талаптар катары каралат.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-47)
