# 42-берене. Кредиторлордун талаптарын каттоо

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 42-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-42

---

1. Ушул Мыйзамдын 43-берененин 1, 2-пункттарында каралган учурларды эске албаганда, банкрот болгон банкка карата кредиторлордун талаптар республикалык газеталарда банкка карата банкроттоо процессин козгоо жөнүндө билдирүү жарыяланган күндөн кийинки 60 күн ичинде жазуу жүзүндө атайын администратордо катталууга тийиш. Сот бардык кредиторлор үчүн бул мөөнөттү 30 күнгө бир жолу узартышы мүмкүн. Кредиторлордун өтүнүчү боюнча аларга каттоодон өткөндүгү жөнүндө квитанция берилет.

2. Кредиторлордун талаптары мындай талаптар үчүн негиздин бардыгын тастыктаган документтер менен бирге катталат. Мында төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:

- кредитордун аталышы (аты-жөнү) жана дареги;

- талаптын негизги суммасында камтылган пайыздардын жана башка жыйымдардын, айып акылардын жана салыктардын суммалары;

- тапшыруучунун аты-жөнүн жана дарегин кошкондо, талапты камсыздоочу катары кызмат кылган күрөөгө коюлгандар, күрөө же кепилдиктер жөнүндө маалыматтар.

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-43)
