# 41-берене. Мүлктүн абалы жөнүндө отчет

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 41-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-41

---

1. Банкка карата банкроттоо процессин козгоо жөнүндө сот тарабынан чечим кабыл алынган күндөн кийинки эки жумадан кечиктирбестен, атайын администратор төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен мүлктөрдүн абалы жөнүндө алдынала отчетту сотко берет:

- банктын акционердик капиталынын төлөнбөгөн бөлүгүнө карата банктын талабын, ссудаларды жана кепилдиктерди берүү жөнүндө келишимдерди, сатып алуу-сатуу келишимдерин, ошондой эле баланстык нарк боюнча маалыматтарды жана активдердин жоюлуу учурундагы болжолдуу наркын кошкондо, банктын активдерин;

- ижара, лизинг жана күрөө жөнүндө келишимдерди кошкондо, банктын мүлкү контракттарга ылайык башка тараптардын тескөөсүндө турса;

- банкка кызмат көрсөтүүлөр контракттарын;

- банкты банкрот деп таануу жөнүндө чечим кабыл алынган датадан мурунку 30 күн ичинде банк тарабынан түзүлгөн ири бүтүмдөрдү;

- банктын пассивдерин.

2. Атайын администратор сотко жана Улуттук банкка кварталдык негизде жоюунун жүрүшү жөнүндө учурдагы отчетту берет, ошондой эле аны менен банктын кредиторлорун тааныштыруу үчүн берет.

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-42)
