# 40-берене. Активдерди жана карыздарды башка банкка сатуу

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 40-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-40

---

1. Эгерде Улуттук банктын пикири боюнча банк менен байланышы болбогон аманатчылардын карызын төлөттүрүүнү камсыз кылуунун оңой жолу болуп, алардын аманаттарын башка банкка өткөрүү саналса, атайын администратор аманаттарды өткөрүп берүү жөнүндө башка банк менен келишим түзүүгө укуктуу жана компенсациялоо максатында жоюулуп жаткан банктын активдерин макулдашылган баада башка банкка сатып өткөрө алат.

Аманатчы өзүнүн аманаттарын башка банкка которуудан баш тартууга укуктуу.

2. Башка банкка өткөрүлүп берилүүчү активдер өткөрүлүп жаткан аманаттардын наркын жабуу үчүн жетишсиз болсо, ар бир аманатчынын аманаттарынын бөлүгү гана башка банкка өткөрүлүшү мүмкүн.

3. Банк менен байланыштуу жактын аманаттары ушул беренеге ылайык башка банкка өткөрүлүп берилүүгө тийиш эмес, эгерде банк менен байланышы болбогон аманатчылардын бардык талаптары башка банкка өткөрүлбөгөн же канааттандырылбаган болсо.

4. Эгерде ушул беренеге ылайык активдер башка банкка өткөрүлгөн болсо, ушул Мыйзамдын 51-беренесине жараша кредиторлордун талаптарын канааттандыруу кезектүүлүгү так сакталууга тийиш жана эч кандай активдерди өткөрүп берүүгө уруксат берилбейт (б.а. бул төлөө кезектүүлүгүнүн бузулушуна алып келсе), эгерде укуктуу болгон кайсы талаптарды коюу мүмкүнчүлүгүнөн болбосун кредиторду ажыратса.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-41)
