# 4-берене. Улуттук банктын чечимдери боюнча сотко даттануу

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 1-Бөлүм
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 4-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-4

---

1. Улуттук банктын чечимдерине даттанууну банк Башкармасы жүзөгө ашыра алат; андай болбогон учурда, даттанууну банктын Директорлор кеңеши жүзөгө ашырат. Улуттук банктын чечимдерине даттануу ошол жолжоболордун жүргүзүлүшүн токтотпойт. Арыз Улуттук банктын даттанууга түрткү берген чечими чыккандан кийинки 10 күндөн кечиктирилбестен, белгиленген тартипте сотко берилүүгө тийиш.

2. Эгерде сот Улуттук банктын чечимин жокко чыгарса, анда банктын консерватору, жоюучусу же атайын администратору да (алардын кызматкерлерин кошкондо) банктын бир да жектекчисинин, катышуучусунун же кредиторунун алдында, ошондой эле кандай болбосун башка жактардын алдында жоопкерчилик тартышпайт, эгерде алардын иш-аракети укукка жатпаган мүнөздө экендиги сот тарабынан далилденбесе.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-5)
