4-берене. Улуттук банктын чечимдери боюнча сотко даттануу
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 1-Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Улуттук банктын чечимдерине даттанууну банк Башкармасы жүзөгө ашыра алат; андай болбогон учурда, даттанууну банктын Директорлор кеңеши жүзөгө ашырат. Улуттук банктын чечимдерине даттануу ошол жолжоболордун жүргүзүлүшүн токтотпойт. Арыз Улуттук банктын даттанууга түрткү берген чечими чыккандан кийинки 10 күндөн кечиктирилбестен, белгиленген тартипте сотко берилүүгө тийиш.
2. Эгерде сот Улуттук банктын чечимин жокко чыгарса, анда банктын консерватору, жоюучусу же атайын администратору да (алардын кызматкерлерин кошкондо) банктын бир да жектекчисинин, катышуучусунун же кредиторунун алдында, ошондой эле кандай болбосун башка жактардын алдында жоопкерчилик тартышпайт, эгерде алардын иш-аракети укукка жатпаган мүнөздө экендиги сот тарабынан далилденбесе.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-4" title="4-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>