# 39-берене. Жаңы банкты уюмдаштуруу

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 39-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-39

---

1. Банктын кредиторлорунун боло турган талаптарын канааттандыруу үчүн банктын активдерин жана банкты башкарууну сактап калуу максатында, атайын администратор банктын активдерин жана милдеттенмелерин ушул максаттар үчүн түзүлгөн жана Улуттук банктан лицензия алуучу жаңы банкка өткөрүп бере алат. Мындай өткөрүп берүү жоюлуп жаткан банктын же анын жалпы органдарынын, анын кредиторлорунун же акционерлеринин макулдугун талап кылбайт.

Жаңыдан түзүлүп жаткан банктын уюмдаштыруучусу болуп, ушул Мыйзамга ылайык төлөмдөрдөн тышкары дивиденддерди жана башка жеке пайданы алууга укуксуз болгон атайын администратор милдет аткарат.

2. Жаңыдан түзүлгөн юридикалык жак жоюлуп жаткан банктын укугун алуучу болуп саналбайт жана мамлекеттик бюджетке милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздарды кошкондо, жоюлуп жаткан банктын кандай милдеттенмеси болбосун жоопкерчилик тартпайт.

3. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаңы юридикалык жактын активдерин алып кое албайт.

4. Атайын администратор жаңы юридикалык жактын акцияларын толугу менен же жарым-жартылайын сатып өткөрөт жана сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен кредиторлордун талаптарынын ордун толтуруп берет.

5. Атайын администратордун жаңы юридикалык жакты түзүүгө жана каттоодон өткөртүүгө байланыштуу бардык чыгашалары административдик чыгашаларга кирет.

6. Жаңы банкты уюмдаштыруу учурунда ушул берененин максаттарында ага карата Улуттук банктын жаңы түзүлгөн банктар үчүн белгилеген уставдык капиталды топтоо боюнча 12 айдын ичиндеги талаптары жайылтылбайт.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-40)
