# 38-берене. Банктын акцияларын, активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 38-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-38

---

1. Улуттук банктын арызы боюнча жана банк тутумунун кызыкчылыгында же анын кредиторлору үчүн банктын наркын арттыруу максатында, банктын активдеринин бардыгын же бир бөлүгүн, банктын милдеттенмелеринин бардыгын же бир бөлүгүн өткөрүп берүүнүн мөөнөтүн жана шарттарын жүзөгө ашырууга банктын атайын администраторуна сот аныктама берет.

2. Банкта банкроттоо процессин баштоо жөнүндө арызды сот кабыл алгандан кийинки кайсы убакытта болбосун, Улуттук банк ушул Мыйзамдын 38-40-беренелеринде каралган бүтүмдөрдү банкты жоюу аяктаганга чейин жүзөгө ашыруу тууралу өтүнмө менен кайрыла алат. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү менен байланышкан соттун чечимдери Кыргыз Республикасынын расмий басылмаларында же республикалык маанидеги газеталарда милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.

3. Ушул Мыйзамдын 38-40-беренелеринде каралган бүтүмдөр банктын атайын администраторунун же анын кайсы болбосун банктын башкаруу органынын, кредиторлорунун же акционерлеринин макулдугун талап кылбайт. Карыздардын өткөрүлүп берилгендиги Кыргыз Республикасынын расмий басылмаларында же республикалык маанидеги газеталарда өткөрүп берүү жөнүндө кабарлама жарыяланган күндөн кийинки күнү, кызыкчылыгы болгон бардык тараптар үчүн анык болуп калууга тийиш.

4. Ушул Мыйзамдын 38-40-беренелеринде каралган бүтүмдөрдүн кайсынысы болбосун, Улуттук банк же анын макулдугу менен атайын администратор тарабынан жактырылууга жана жүзөгө ашырылууга тийиш.

5. Атайын администратор ушул Мыйзамдын 38-40-беренелеринде көрсөтүлгөн бүтүмдөргө келишүүгө кызыккандыгын билдирген жактар жөнүндө маалымат келип түшкөндөн кийин токтоосуз Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-39)
