# 37-берене. Төлөө тутумдарында жана баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутумунда эсептешүүлөрдүн бүтүшү

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1399)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 15-февралы № 14 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1336/edition/791046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1399/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө, 37-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-37

---

1. Ушул беренеде төмөнкүлөр белгиленет:

1) банк тарабынан төлөө тутумуна же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутумуна өткөрүлүп берилген акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды Улуттук банк тарабынан ошолор катары таанылгандарды которууга кайтара чакыртылып алынбаган тапшырмалар доолук күчкө ээ болот жана сот тарабынан банкка карата банкроттоо жол-жобосун козгоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда да, үчүнчү тараптар үчүн милдеттүү болуп саналат, бирок эгерде, которууга коюлган бул тапшырмалар ушул чечим күчүнө киргенге чейин кайтара чакыртылып алынбаган болуп калса; же

2) эгерде банк акча каражаттарын же баалуу кагаздарды төлөө тутумуна же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутумуна которуу боюнча кайтара чакыртылып алынбаган тапшырманы банкка карата банкроттоо жол-жобосун козгоо жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенден кийин берген учурда, бул тапшырмалар соттун ошол чечими күчүнө кирген күнү аткарылат, бирок эгерде атайын администратор тутумундардын операторлоруна банкты банкрот деп таануу жөнүндө чечим, которууга тапшырма кайтара чакыртылып алынбаган болуп калган учурга чейин маалым болгондугун далилдей алган учурда гана, алар доолук күчкө ээ эмес жана үчүнчү тараптар үчүн милдеттүү болбойт.

2. Банкка карата банкроттоо жол-жобосун козгоо жөнүндө чечим күчүнө киргенге чейин түзүлгөн контракттарды жана бүтүмдөрдү кийинкиге калтырууга тиешелүү бир да мыйзам, жобо, эреже же тажрыйба, төлөө тутуму же баалуу кагаздар боюнча эсептешүү тутуму, Улуттук банк тарабынан ушулар катары таанылгандар аркылуу ишке ашырылган клирингдин натыйжаларынын, жогоруда келтирилген чечимден улам алынып салынышына алып келиши мүмкүн эмес.

3. Ушул берененин максаттары үчүн:

1) төлөө тутумуна же баалуу кагаздар боюнча эсептешүү тутумуна берилген которууга тапшырма, бул тутумдардын эрежелеринде аныкталган учурда кайтара чакыртылып алынбаган болуп калат; жана

2) «клиринг» эсептешүүлөр тутумунун бир же бир нече катышуучусу, ошол тутумдун бир же бир нече башка катышуучусуна сунуш кылган же алардан которууга алышкан тапшырмалардан улам келип чыккан талаптардын жана милдеттенмелердин бир таза талапка же бир таза милдеттенмеге кайра өзгөртүп түзүлүшүн билдирет, натыйжада бир гана таза талап же бир гана таза милдеттенме калат.

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1399/st-38)
