37-берене. Төлөө тутумдарында жана баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутумунда эсептешүүлөрдүн бүтүшү
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
37-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 37-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Ушул беренеде төмөнкүлөр белгиленет:
1) банк тарабынан төлөө тутумуна же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутумуна өткөрүлүп берилген акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды Улуттук банк тарабынан ошолор катары таанылгандарды которууга кайтара чакыртылып алынбаган тапшырмалар доолук күчкө ээ болот жана сот тарабынан банкка карата банкроттоо жол-жобосун козгоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда да, үчүнчү тараптар үчүн милдеттүү болуп саналат, бирок эгерде, которууга коюлган бул тапшырмалар ушул чечим күчүнө киргенге чейин кайтара чакыртылып алынбаган болуп калса; же
2) эгерде банк акча каражаттарын же баалуу кагаздарды төлөө тутумуна же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутумуна которуу боюнча кайтара чакыртылып алынбаган тапшырманы банкка карата банкроттоо жол-жобосун козгоо жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенден кийин берген учурда, бул тапшырмалар соттун ошол чечими күчүнө кирген күнү аткарылат, бирок эгерде атайын администратор тутумундардын операторлоруна банкты банкрот деп таануу жөнүндө чечим, которууга тапшырма кайтара чакыртылып алынбаган болуп калган учурга чейин маалым болгондугун далилдей алган учурда гана, алар доолук күчкө ээ эмес жана үчүнчү тараптар үчүн милдеттүү болбойт.
2. Банкка карата банкроттоо жол-жобосун козгоо жөнүндө чечим күчүнө киргенге чейин түзүлгөн контракттарды жана бүтүмдөрдү кийинкиге калтырууга тиешелүү бир да мыйзам, жобо, эреже же тажрыйба, төлөө тутуму же баалуу кагаздар боюнча эсептешүү тутуму, Улуттук банк тарабынан ушулар катары таанылгандар аркылуу ишке ашырылган клирингдин натыйжаларынын, жогоруда келтирилген чечимден улам алынып салынышына алып келиши мүмкүн эмес.
3. Ушул берененин максаттары үчүн:
1) төлөө тутумуна же баалуу кагаздар боюнча эсептешүү тутумуна берилген которууга тапшырма, бул тутумдардын эрежелеринде аныкталган учурда кайтара чакыртылып алынбаган болуп калат; жана
2) «клиринг» эсептешүүлөр тутумунун бир же бир нече катышуучусу, ошол тутумдун бир же бир нече башка катышуучусуна сунуш кылган же алардан которууга алышкан тапшырмалардан улам келип чыккан талаптардын жана милдеттенмелердин бир таза талапка же бир таза милдеттенмеге кайра өзгөртүп түзүлүшүн билдирет, натыйжада бир гана таза талап же бир гана таза милдеттенме калат.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
37-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1399/st-37" title="37-берене - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>